"Үйдүн иши" деп коюп, үшкүрүнбө!
Алтынчы классымда акча табуу үчүн төрт бала чогулуп жумушка жалданып он алты күн Жалал-Абадда шаалы отодук. Күнүнө болгону 30 сом акча берет. Эрте менен уйларды падага кошом, суу ысыганга чейин уй иштери, анан күн батканга чейин шаалыдан-суудан чыкпайбыз. Күн бүркөө күнү талаага жүгөрүнүн чөбүн чапканы, отогону барам. Кечинде пададан келген уйларды тосуп алам, торпокту уйга эмизип кармап турам. Айтор үйдөгү эле аткарган жумуштарымды аткарып жатам. Ошентип үйдөгү аткарып жаткан иштеримдин баасын үйрөндүм. Үйдө да аткарабыз, болгону ата-энебиз анын акчасын бербей, тескерисинче ал акча менен бизди жедирип, кийинтирип, окутуп жатыптыр. (Аны билбей сырттан акча