Алыста колдон келген жумуш кылып,
Сагыныч кусалыктар коодон кысып,
Уй- жайын, Ата Журттун сагынышып,
Журушот, кайран кыргыз, зарыгышып
Журушот, бардык жерде алыстарда,
Баспаган жер калбады, бут жактарда.
Акча учун жер жузун кыдырышты,
Россия,Туркия, Америка ,Кореяда!
Кайда жур, кайда болбо, бир тууганым,
Ар дайым , аман болсун алтын башын
Кутуудо , жолду карап, тилек кылып,
Ата - эне, бир тууганын жакындарын!
Бул кундор, убактылуу отор- кетер,
Келечек балдарга жакшы кун келер!
Жакшылыктан умутту очурбойлу,
Амандык болсо, алтын башта баарын женер!
Аталар балдарын журот сагынышып,
Апалар сагынычтан жаш агызып ,
Карыган ата- апа жол карашат,
Амандык тилек менен жалбарышып...
Апа, качан