Бейиш эненин таманында десе эле жата калып энесинин таманын өпкөндөр көбөйдү... Илгери бир акылман карыя артында учкашып бараткан уулуна: Уулум, узун жолду кыскарт эми десе аттан түшө калып жолду кетмендеп кирген экен, дагы бир аз жол жүргөн соң: Уулум,ат жалына казан ас десе атынын жалына ширеңке чагып ийиптир, ошондо карыя: олдо балам ай деп баласынын алабармандыгына катуу кайгырган экен, анын сыңарындай түз түшүнүп алып эле эдиреңдей бербей кыргыздын улуу нарктарын улуу боюнча аткаруу керек, таш менен урганды аш менен ур десе дагы бири түз кабыл алып бирөөнүн бетине күрүч чачып салышы ыктымал, андыктан ушундай нерселерге терең маани бербесек болбойт!Эненин жүрөгүн оорутпай, тилегин соолут