БООРДУ ТАЗАЛОО ЖОЛДОРУ АЙРАН ЖАНА БАЛ МЕНЕН Эртең менен ачкарын 200 грамм айранга 1 аш кашык бал кошуп ичүү кажет. Ошону менен саат 11ге чейин тамак ичпөө зарыл. Муну 10 күн кайталап, анан 10 күн эс алып, кайра баштай берсе болот. СУЛУНУН КАЙНАТМАСЫ МЕНЕН Кечинде 1 стакан сулуну сырдалган идишке салып, 1 литр кайнаган сууга чылап коёбуз. Эртең менен ал идишти ичинде ысык суусу бар башка идиштин ичине (мисалы, мискейге) салып, 1 саат кайнатабыз. Анан муздатып, сүзөбүз. Сүзгөндө сулунун кайнатмасы 1 литрден азаят. Андыктан тундурма 1 литр болгудай кылып, үстүнө кайнаган суу кошобуз. Анан 5 маал 150 граммдан ичилет. Рецепт 16 жаштан жогоркуларга сунушталат.