ӨЗ ТОЮМДАН РЕПОРТАЖ
Бирөөгө акыл айтууга оңой болгон менен реалдуу турмушта толкунду жарып, агымга каршы сүзүү кыйын иш. Сөзүмдү ушинтип баштоону туура таптым. Кыргызды өлтүрбөгөн да той, өнүктүрбөгөн да той. Ашыкча ыгым-чыгым ашыкча баш ооруга айланган азыркы чакта «Бардыкы барман менен, жоктуку арман менен» дегендей, байлар тайраңдап дүйнөсүн чачып той бергени менен, чөнтөгү жукалардын гана шору кайнайт. Кредит менен той берет. Карызга той берген адам кантип ойноп, кантип жыргамак эле. Тою тойдой болбой, азап болот. Кыргызды мукураткан тойдогу ашыкча ыгым-чыгым экени ар бирибизге маалым. Көпчүлүк ооз көбүртө, «бул жакшы эмес көрүнүш, токтотуш керек, үнөмдүү тойго өтөлү, тиги-бу» деп айтка