Кадыр түн Алла Таала тарабынан акыркы Пайгамбар Мухаммадга (ﷺ) жана анын үммөтүнө берилген белек. Бул түндө аткарылган ибадат - миң айлык ибадатка барабар. Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан: "Алла Таала Кадыр түндү менин үммөтүмө ырайымдуулук кылып берген, мындан башка үммөттөргө берилген эмес". Экинчи бир хадисте минтип айткан: "Силерге Рамазан айы келди. Анда бир кече бар, ал - миң айдан артыгыраак. Кимде- ким ушул кечеден куру калса, анда ал баардык жакшылыктан куру калат, бирок бул кечеден бактысыз адам гана куру калат".
КАДЫР ТҮНДҮН МААНИСИ:
"Кадыр" - деген сөз, ислам аалымдары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:
1."Өкүм түнү" - деген маанини б.а. Алла Тааланын тагдырында өкү