Кудайымдан сурайын өмүр-жашың
Кызыр колдоп, канатың кайрылбасын
Жанылбайсың жашоодо, биле жүрсөң
Жандап жүргөн ʺжакшынынʺ айырмасын
***
Өзүм бойго жеткенче Ойго жеттиң
Ойлорго мен жетпеген колуң жетсин
Таанып жүрсөң болгону, чалынбайсың
Досуң менен душмандын айырмасын
***
Ак журсөң жүзүң сулуу жарык болот
Ак эмгектен тунук, таза акыл толот
Бийлике байлыка да багынбасаң
Багыңа бакыт кушу өзү конот !!!!
Мусаев Куштарбек.
Көгүш нур, жылдыздуу түн, кышкы асман.
Күйгөн от, бир кезекти эске салган
Жароокер оролошот бут алдыма,
Жагымдуу, аппак карлар шилеп бассам.
***
Күтүүдөн жаз, жай өтүп, күз саргайткан
Жүрөгүн жердин сезип, тыңшап абдан
Суналган жерге боюн кынайт ак кар
Сыяктуу сагынычын айтып жаткан ..