1. Кедейлик жалкоолуктан келет. Эч кимге муктаж болбоо үчүн билегиңди түрүп эмгек кыл...
2. Жаман мүнөз жугуштуу келет. Айланаңды жакшы адамдар менен толукта. Адамдын жүрөгү сүзгүч сыяктуу. Жакшыны да, жаманды да сиңирип алат. Жакшынакай, көркөм касиеттер менен жаркырат жүрөгүңдүн ичин...
3. Берген кол алган колдон жакшы. Чама-чаркың жетишинче муктаж адамдарга садака берип тур...
4. Маданияттуу бол. Ички маданиятың өтө жогору болсун...
Көлдөн жагымсыз бир окуяга туш болдум. " У рыбака" деген кафеге тамактанып кирип калдым. Маңдайыбызга 45 жаштын тегерегинде кызыл футболка кийген кыргыз "байке" үй- бүлөсү жана карыган апасы менен келип олтурду. Бир убакыт өткөн соң эле баягы байке таякчан апаны башка столго жетелеп барып олтургузуп койду. Тейлөөчү кыз апага бир чайнек чай, бир кесе суюк тамак алып келип берди. Тигил байке үй -бүлөсү менен өзүнчө тамак ичип олтурушту. Баягы апа нан чайнап атып какап кетти .Бирок бири да басып барышкан жок. Берки столдогу эже чуркап чайын куюп, апанын артынан чапкылап калды. Апанын жөтөлү бир топтон кийин токтоду. Байкуш апа балдары тарапты улам кылчактап карап олтурду. Мээримсиз таш боорлор