Аюб пайгамбар
Аюб бин Айс бин Исхак пайгамбар Рим шаарында болгон, апасы Лут пайгамбардын кызы болгон. Аюб пайгамбар акылдуу, мээримдүү, даанышман, кең пейил киши болгон.
Атасы бай, салабаттуу киши болгон. Чарбанын бардык түрү бар эле, төө, жылкы, уй, кой, качыр, эшек. Шам өлкөсүндө ал кишидей бай киши болгон жок. Атасы кайтыш болгондон кийин, атасынын байлыгынын бардыгы Аюб пайгамбарга калат. Аюб пайгамбар Юсуф пайгамбардын небереси Рахима апабызга үйлөнөт.
Рахима апабыз 12 жолу төрөгөн. Кээде эгиз төрөгөн. Бир ууул, бир кыз кылып.
Алла Таала Аюб пайгамбарды өз элине пайгамбар кылып жөнөтөт. Ал Хурон, Тайх эли болгон. Алла Таала Аюб пайгамбарга жакшы мүнөз, адеп-аклак, мээримдүүлүк берг