Бир кишинин аялы көз жумуп бул жашоо менен кош айтышты. Аялынан ажырап кайгыга чөккөн күйөөсү, көз жашын көл кылып аялынын кабырынын жанында ыйлап жатты. Айланасындагы адамдар көз жашын аарчып, сооротконго аракет кылды. Ыйын токтотуп, эс алып алган соң адамдарга минтип кайрылды: "Оо адамдар! Мен аялымдан ыраазымын. Аллах Таала аялымды бейиштик кылсын.
1⃣ Аллага ант ичип айтам, мен үйлөнгөн күндөн баштап аялымдын менден мурда уктаганын же эрте менен менден кийин уйкудан ойгонгонун көрбөдүм. 2⃣ Үйгө келип эшикти кагаарымдан мурда эшикти ачып койчу. 3⃣ Үйдө дайыма мисктин же жыпар жыттуу атырдын жыты чыгып турчу. 4⃣ Мен каалаган т