СМС КЕЛСЕ ЖАЗЫП КОЙ.
Саламга алик алып жүр,
Акылыңа түйүп жүр.
Адепсиз болуп көрүнөөр,
Көргөзбө андай жаман түр.
Смайлик келсе күлгөндүн,
Сүйбөсөң деле күлүп кой.
Көңүлү көккө сүйүнөт,
Тоо томкоруп койгондой.
Смс келсе,жакпаса да окуп кой,
Суроого жообун жазып кой.
Жакшы сөз жанды эргитет,
Жан дүйнөңдү сергитет.
Жагымдуу нерсе жөнөтсө,
Классты деле басып кой.
Көрө албас деген көзүңдү,
Сездирип койбой өзүңдү.
Көңүлүң сүйгөн адамдын,
Каткырып жообун окуйсуң.
Жакпаган жандын жообуна,
Жаман сөз менен токуйсуң.
Ич күйдү деген оорудан,
Кутула албай жүрөбүз.
Бой көтөрүп болбойсуң,
Башканы өздөй көрбөйсүң.
Кубаныч келсе үйүнө,
Батына албай сүйүнөт.
Бөлүшө албай турасың,
Өзөгүң өрттөп тунарып.