Ойлон дагы, ойлонуп көр жакшылап
Жылуу сүйлөп, жакын келдиң кадалып,
Жүзүң буруп, жан дүйнөмө каранып.
Жүрөгүмдө баш айланткан боштук бар,
Жаза басып, түшүп кетпе камалып.
Абайлагын ал боштуктан ашыгым,
Абалыңды ойлоп айтам ачыгын.
Андагысы кызык болуп туюлаар,
Алты өлчөп, анан кессин акылың.
Көп ашыкпа, акыл калча жакшылап,
Кыял куруп, арзууларың чапкылап.
Канткен менен турат балким башкасы,
Кыялыңдын каалгасын каккылап.
Жакшылар көп айланаңды карасаң,
Жакшы ойлон, а мен шашып баратам.
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө орун бар,
Жүгүнсөң да чыгалбайсың ал жактан.
Тандоо сенде, жол да сенде күч сенде,
Тандоо керек татыктуусун ар пенде.
Таарынышпай сүйөм десең түбөлүк,
Тартуу кылам бүт баар