ЖЕТИМ
(Аӊгеме)
Дайыма базарга алып барып жүргөн айдоочу Ыдырыска базарчы катындар кечинде бири коюп бири «Эртарак келиӊ, күн кыскарып калыптыр, аш-паш деп базарлыгыбызды кылгыча эле кеч кирип жатат»,-деп кайра-кайра звонок кылышкандыктан, бүгүн таӊга маал ишке жөнөдү. Аны узатар замат аялы адатынча дарбазаны жаап коюп, верендада жаткан Тилектин үстүнө кирди. Заматта өӊү бозоруп, алай-дүлөй болуп жыланды көргөнсүп чаӊырып чыкты.
-Уй түсү суук, иттин баласы, чоӊ энеӊдин төшөгүндө жаткансып мемирейсиӊ да! Тур, малды саа, мага чекчейбестен! Бүгүн мектепке барбайсыӊ. Мал багасыӊ. Окуп жыргатат белеӊ. Тек койсо акыркы күндөрү жүда талтаӊдап кеттиӊ. Э гангир, сен али өз оюӊда о