ЖАЗЫМ КЕЧИР ТОСТУМ СЕНИ МУҢАЙЫП
Сагындым жазым,
Сагындым ар бир күнүңдү.
Көөдөнүм муздап ,
Көңүлдүн гүлү күбүлдү.
Капилет келип,
Кар менен ээрип кеткендей.
Жоготуп алдым,
Жомоктой аруу сүйүүмдү .
Жадырап тосуп ,
Жалындайм өрттөй дегенмин.
Саргайып бирок ,
Санаамды азыр бөлөм миң.
Толгонуп турам,
Томсоруп айла таба албай.
Белгисиз баары
Бешенемден мен көрөрмүн.
Жагымдуу жазым,
Жарык нур болуп багыма.
Кооз дүйнө кушун,
Кондурчу кайра шагыма.
Кансырайт жүрөк,
Кагышы соолуп бул күндө.
Көркөмдүү мезгил,
Көктөмүң менен дарыла.
Жабыгып тостум,
Жаз айы мага таарынба.