ДУБАЛАРЫМ КАБЫЛ КЫЛ
Оо Аллахым, тилегимдин көбүн бер,
Балдарыма бак дөөлөттүү өмүр бер.
Ден соолук бер, ырыскы бер түгөнгүс,
Урмат-сыйдын, улага эмес төрүн бер.
Оо Жараткан, балдарыма намыс бер,
Жүрөгүнө абийир, ыйман жарык бер.
Жаза баспай шыдыр болсун жолдору,
Иштерине нур төгүлтүп багыт бер.
Оо Кудайым, дубаларым кабыл кыл,
Досторконум жакшылыкка жайыл кыл.
Бапыраган бакыт-таалай кубаныч,
Ар бир үйгө, түнөк берип байыр кыл.
Оо Аллахым, амалдарым кабыл кыл,
Өмүрдөгү жашоо күнүм шайыр кыл.
Баарыңардан суранарым бир гана,
Бардык иште шашылбастан сабыр кыл.
Оо Аллахым, өмүр берип ченемсиз,
Такыба кыл, ыймандуу кыл, момун кыл.
Фирдаустун кенен ачып эшигин,
Эки дүйнө жашоолорум сонун кыл.