Капустанын ширеси Жаңы үзүлгөн капустанын ширесинин пайдасы дары-дармектерден эки эсе күчтүү. Бир жарым ай бою күнүнө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда бир стакандан ичип жүрүү керек. Грек жаңгагы Ашказан жарасын айыктыруу үчүн грек жаңгагын чагып, сөөгү менен ортосундагы чел кабыгын чогултуңуз. Ал 1 стаканга толгон соң бөтөлкөгө салып, үстүнө таза арактан куюп бир жума күн тийбеген караңгы жерге коюп коюңуз. Бир жумадан соң тамактанарга 20 мүнөт калганда бир аш кашыктан бир күндө 3 жолу ичиңиз. Дарыланууну 1 кг жаңгактын кабыгы менен чел кабыгы түгөнгүчө созосуз. Бака жалбырак Бака жалбыракты чай, кофе жана суунун ордуна суусундук ката
Буттун тынымсыз оорушу, кан тымырдын көөп көзгө жагымсыз көрүнүшү варикоз оорусунун негизги белгилери. Бара-бара бул оору бутка эле эмес жүрөккө, мээге күч келтирип өмүргө коркунуч алып келери турган иш. Варикозду түп-тамыры менен айыктырып сала албаса да, дарыгерлер жеңилдетүүнүн ар кандай жолун сунуштап келишет.
Эки бутка эмитен кам көр
Медицина тилинде варикоз кан тамырдын көөп кетиши деп түшүндүрүлөт. Варикоз - көбүнчө айымдардын көйгөйү. Бул оору негизинен адамдарга гана мүнөздүү илдет. Мындай көйгөйдөн жабыркаган бир да жаныбар жок. Анткени алардын денесинин салмагы төрт бутка бөлүнсө, адамдардыкы эки бутка күч келтирет. Эгер аталган ооруну а