Букулдап көөптөн бери жарыла албай,
Буулугат жүрөк баарын кабыл албай,
Сүрүлүп эскилиги жеткен өңдүү,
Сүйө албай, таарына албай, сагына албай...
Көп ирет көңүл кушум жараланып,
Көрө албас, ичи тарга табаланып...
Корстон болуп чыкты ийгилигим,
Колумдан башка бирөө ала калып...
А мейли, алсын, жетсин тилегине,
А бирок тийбесинчи, жүрөгүмө!
Тың чыкма, кыйындар эй! Жан дүйнөмдүн,
Тынч койчу! Баш бакпачы түнөгүнө!
Дүйнөмдү аңтаргыңар келет неге?
Дүрбөлөң салышыңар керек беле?
Же балким силер берген азап мага,
Жеңишке жетишиме себеп беле?
Канчанын сөзү жанга батып бүткөн,
Канча ирет каректерим жашып бүткөн...
Канча ырлар жазыла элек дагы далай,
Канча ырды калем сабым жазып бүткөн...
Нуркыз Ры