Насвай (насыбай нас, асмай) - курамында никотин бар зат. Майда шарикчелер түрүндөгү бул зат жагымсыз жытка жана даамга ээ. Насвай астыңкы же үстүңкү эриндин алдына салынат. Эринде таасир бергенче кармалат. 3-8 мүнөттөн кийин таасир берет. Таасирлери: жеңил баш айлануу, колу-буттун титирөөсү жана көздүн тумандоосу. Химиялык жактан көз каранды кылуучу оору болуп саналат. Насвай тамеки, арак сыяктуу эле зыяндуу заттарга кирет. Эфедрон деген наркозаты насвайдын негизги курамын түзөт. Ооз көңдөйүнүн рак ооруларынын эң башкы себеби насвай менен тамекини узак убакыт бою колдонуу болуп эсептелет. Өпкөнүн рак оорусу, жүрөк, кан тамыр оор