✍🏻Береке – бул аз оокаттын көп пайдага жароосу. Аз оокат берекелүү болгондо көп адамдын ырахат болуусуна, жакшы иштердин кылынуусуна жарайт. Ээсинин дүнүйөдө жана акыретте жамандыкка кирүүсүнө себеп болчу берекелүү болбогон көп оокат болот. Ошондуктан, мал-оокаттын көп болуусун эмес берекелүү болуусун тилеш керек!
Ырыскы эч өзгөрбөйт, азайбайт жана көбөйбөйт. Эч ким эч кимдин ырыскысын жей албайт. Эч ким өз ырыскысын жеп бүтүрмөйүн өлбөйт. Ким эгер Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн эмгек кылып, ырыскысын халал жолдон издесе эзелде белгиленген ырыскысына жетет. Бул ырыскы ага берекелүү болот. Эгер ырыскысын Аллаху таала тыйуу салган жерден издесе анда деле эз