Байка кыргыз бир нерсе башталууда:
Баткак кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен
Корком,корком,жан дуйнон ач калууда!
Ойноп кундо омурду сургон жаман,
Оз жанынды камаган турмон жаман.
Суу кашектей быкшыган сезим менен,
Сулуулука сук артып жургон жаман!
Быкшып куйбой,жалындап жанган жакшы,
Бардык жерде таза кул калган жакшы.
Жалган созду жамынып жашганча,
Жаратканга жыланач барган жакшы.
Айып эмес кемдигин,уяндыгын,
Ар нерсенин асылын туялганын.
Ач-жыланач откондон уялбастан,
Адам болбой калгандан уялгынын!
Ал кушту атынан аташ керек,
Адамсынбы адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш озу эле келбейт тура,
Жан дуйного тонкоруш жасаш керек.