Тарбияны кечиктирбейт. Тарбияны наристе төрөлгөндө эле бере башташ керек. Себеби ымыркай жарык дүйнөгө келгенде эле баарын түшүнүп, аңдап калган болот. Апасы убактысынын көбүн баласы менен өткөргөндүктөн аны менен сүйлөшүп, баарлашып турушу зарыл. Мисалы, кийим кийгизип жатканда оң бут, сол бут кайсы экенин айтып, өң- түстөрдү, фигураларды ажырата билгенди үйрөтүш керек. Эмне жаман, эмне жакшы экенин кичине кезинде эле көп айта берсе бала ошого калыптанып чоңоет.
Көңүлкош мамиле жасабайт. Ата-эне баласы менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кылышы керек. Ооба, жумуш, кызмат деген бар, бирок балага кичине кезинде ата-энеси көп көңүл бурбаса наристе өзү менен өзү чоңоюп, ата-энеден алыстап к