Экологиялык начар абалдын натыйжасында ар бир экинчи аял гинекологиялык ар кандай оорулардан жабыркап келет. Андай оорулардын кесепетинен эне болуу бактысын зарлап күткөндөр, ал турсун, бул бакыттан биротоло ажырап калгандар да арбын. Тукумсуздукка себеп болгон оорулардын бири спайка, башкача айтканда, түтүктөрдүн жармашуусу тууралуу кеп кылабыз.
🔴Түтүктүн спайкасы деген эмне?
Түтүктүн спайкасы – бир нече себептердин натыйжасында түтүктүн ички бетиндеги терилердин бири-бирине жабышуусу. Түтүктүн диаметри ичке, 1 миллиметрди гана түзгөндүктөн жабыркоого тез учурайт. Балалуу болууга бирден-бир жол болгон бул аялуу органга кылдат мамиле кы