Предыдущая публикация
ДОЛОН😍😍😍😍😍 Айылым😘😘😘😘😘😘

ДОЛОН😍😍😍😍😍 Айылым😘😘😘😘😘😘

27 июл 2017

Ысык-Көл

Жайгашкан орду
түндүк-чыгыш Кыргызстан
Узундугу
182 км
Туурасы
58 км
Аянты
6236 км²
Көлөмү
1738 км³
Эң терең жери
702 м
Туздуулугу
5,8% ‰
Суу топтоо аянты
15,844 км²
Куйган дарыялар
~ 80 дарыя
Ысык-Көл (Кыргызстан)
1. Кыргызстандагы эң чоң тоолуу туздуу көл. Кыргыздар бул көлдү "Кыргызстандын бермети" деп аташат. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысыккөл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат.
Ысык-Көлдүн түбү чоң табышмак боюнча калууда. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги Көпчүлүккө кеңири маалым. Келечекте көгүлтүр берметибиздин түпкүрүн изилдеген Кусто чыгаарына ишеним чоң.
Каталан картасы катары кеңири белгилүү болгон картада Ысык-Көлдүн түндүк чыгыш жээгинде крест салынган храм түрүндөгү белги коюлган, анын жанында түшүндүрмө текст жазылган: “Апостол Матвейдин кудурети сакталган деп айтылган армян бир туугандардын монастыры”. Азырынча урандылырды изилдөө иштери эч натыйжа бере элек. Балким, биздин окумуштуулар байыркы жашоочулардын изин таап алышы эч ажеп эмес. Көптөгөн чет элдик компаниялар жана жеке адамдар буга абдан кызыгып, изилдөө иштерин, казууларды жүргүзүүгө даярдыгын билдирүүдө. Бул эстеликти издөө иши археологиялык туризмди өнүктүрүүнүн кубаттуу кыймылдаткычы болушу толук ыктымал.
Ысык-Көл – кыргыз бермети
Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз дегээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.
Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса, толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.
2. Кыргызстандын областтарынын бири: Ысык-Көл областы.
3. Ысык-Көл району.
4. Ысык-Көл коругу.
5 Ысык-Көл шеринеси.
"Манас эпосунда"
Ысык-Көл — «Манас» эпосундагы топоним. «Манас» эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манас Ата журтун баскынчы жоодон бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып, Ысык-Көлгө туш келип, суктанат:
Береке экен, бел экен,
Бенде көрчү жер экен,
Жердегенде адамды
Кан кылуучу жер экен.
Жээк-жерге баарысы
Бай кылуучу жер экен,
Ортосу көпкөк көл экен,
Суусунда миңдей төр экен
Жердеген адам бай болчу,
Көлүндө ырыс бар экен.
Боз мойнокчо, дөбөчө
Түшүп Манас жер чукуйт
Касиеттүү жер экен,
Эки эли жерин оодарса
Түгөнгүз алтын бар экен.
Жаныбарым Ысык-Көл
Жер соорусу турбайбы,
Жердеген киши тунбайбы!
Мындай кызык жер болбос,
Мындай кызык көл болбос,
Будур-будур бел экен,
Будурмак аттуу жер экен,
Будурмак келип турулуп,
Будурдан бугу куюлуп,
Жаткан экен жаныбар
Будурдун чөбү суюлуп,
Ар коктудан жаркырап,
Миңден булак куюлуп,
Өйүз-бүйүз жери тар
Ортосунда жайнаган
Сонун көпкөк көлү бар.
Геграфиялык реалияда көл жана жер катары республиканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Күңгөй жана Тескей Ала-Тоолору менен курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык //ызык сөзүнө байланыштырып, ал ыйык, керемет, азиз, курман фетиш деген маанини берет. (Саякбай Каралаев, 1. 110).

Ысык-Көл - 857556331529
Ысык-Көл - 857556332041
Ысык-Көл - 857556331785
Ысык-Көл - 857556332297
Ысык-Көл - 857556332809
Ысык-Көл - 857556333065

Комментарии 49

♒19780121⚓ 20161209
Терендиги 668 метр
13 авг 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ♒19780121⚓ 20161209
    Суу чогултуучу аянты 22080км2. Тундугунон Кунгой, туштугунон Тескей Ала Тоолору курчап турат
    13 авг 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Келдибек Джанбутоев
    👍👍👍
    16 авг 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    БАХТИЁР суюнов
    Баары жакшы.бул кудай Берген кереметбирок элибиз Иссык-Колдун кадырына жете билбейбиз. Абдан жээги Кир просто жиркенесин тушуштон..Ар Бир кыргыз гражданы ич дуйносу менен мамеле  кылса баары жайына келет.
    20 авг 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кылыч Сарыбаев
    ыссык колго не жетсин👍👍👍👍
    20 авг 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    (Н) Кыштобаев
    Соз жок 🤘👍👌
    23 сен 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Майрам Токтакунова
    Биз Ысык колубуз менен сыймыктанабыз. КАНДАЙ КЕРЕМЕТ
    20 окт 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Анара Монолдоровна
    Фото
    6 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ка Кани
    Ыссык- Колго эс алгандар мусор таштабагыла!!! силерден кийин да барчулар бар
    10 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Өмүр Казаков
    Тиктесем көлдөн өзүмдү,
    Тийишип көлдүн көбүгү.
    Кыйлага турдум кете албай,
    Кыйын иш болду бөлүнүү
    24 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Sabyrov Sabyrov
    Ысыккол  кыргызымдын бермети. Менин колум 👍👍👍
    27 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    мирлан асанакунов
    ЫсыкКол кандай соонун ээ менин Курмонтум да жакшы жер сагындым айлымды 😢😢
    28 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Талант Калмуратов
    ответил Замиру
    Ысык Кол ,Море эмес Озеро!  Дениз менен Колдун айырмасы бар. Ошону айырмалай билсенер жакшы болот эле!
    28 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Талант Калмуратов
    Фото
    28 ноя 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аси Аси
    Ысык колум менен сыймыктанам
    4 дек 2017
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Таабалды Саркобонов
    Ата Энеме рахмат,ушул жерде туулганыма
    8 фев 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Максат Бекмурза уулу
    👍👍👍👍👍👍
    8 авг 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чынгыз 1989
    702 метр мурда болчу азыр башка
    8 авг 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элмира Кебекбаева
    Очин красивый
    30 авг 2018
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айба 😎😎😎😎😎😎😎😎😎
    Ысык Колда кетиптир 49 жылга арендага эххх олдуго олдуу
    1 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    русский
    Помощь
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ДОЛОН😍😍😍😍😍 Айылым😘😘😘😘😘😘

    ДОЛОН😍😍😍😍😍 Айылым😘😘😘😘😘😘

    ЛентаДрузья 171Фото 145Заметки 7Группы Игры Видео
    • Музыка
    • Подарки
    • О себе
    Левая колонка
    Все
    С друзьями
    Игры и приложения

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

    Зарегистрироваться