«Замандаштарынан бирөө Умардын (Алла ага ыраазы болсун) жанында башка бир пендени жерге-сууга тийгизбей мактап-жактап кирет. Ал сөзүн аяктагандан кийин Умар (Алла ага ыраазы болсун) суроо жаадырат: – Аны менен сапарлаш болдуң беле? – Жок. – Бирер жолу соода-сатык сыяктуу мамиле кылдыңбы? – Же бир учурларда ага коңушу болдуң беле? – Жок. Жоктон башка жооп уга албаган адилет падыша минтип бүтүм чыгарат: – Жалгыз Аллага ант этип туруп айтам, сен аны тааныбайт экенсиң!» (Газали, Ихя, III, 312).
«Жасаган күнөөлөрүн жар салгандардан башка бардык үммөтүм кечиримге ээ болот. Түнү жасаган күнөөсүн Жараткан Алла Таала жашырганына карабастан эртелеп туруп: «Мен кечээ түнү палан иштерди жасадым» деп айтышы ашкере күнөөкөрлүк. Болбосо анын түнкү күнөөсүн Алла Өзү кечиргенин аңдабай, таң атары менен өз айыбын өзү ачкан болот» (Бухарий, Адаб, 60; Муслим, Зухд, 52)
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде: «– Жалган касам менен мусулмандын акысын алып койгон адамга Алла Таала бейишти арам кылып, тозокту парз кылып койот» дейт. «– Арзыбас нерсе болсо да өкүм өзгөрбөйбү?» деп сурашат сахабалар. Алла Элчиси: «– Жадагалса, эрак дарагынын бир чыбыгы болсо да!» дегенин үч ирет кайталайт» (Муслим, Иман, 218, Муватта, Акдия, 11)