Олтурам караңгы түн айланамда Карасам эч ким жоктой алды артымда. Бул эмне ?кайда жүрөм? деген суроо, Кайталап берилгенсийт жаш жаныма.
Жалгыздык! сенсиңби бул мени менен? Дээги айтчы каалаганың эмне менден? Айланып бүгүн неге келип алдың? Сураныч кетип калчы бул жерлерден!
Карачы досторумдун көп болгонун Карачы таанышымдын жер толгонун. Ал тургай өзгөлөрдө бирден эле, Ата-энем менде экөө бар болгонун.
Көрдүңбү жалгыздык сен алсыз неме Же эмне тааныш, достор барбы сенде. Ата-энең барбы жокбу билбейм бирок, Болсо да меникиндей экөө эмес... Ушундай бакытка мен жеткениме, Миң мертте ыраасызымын теңириме!!!