Өлүмгө даярдануу…
Азирети Умар мечит тарапка басып бара жаткан эле. Анын артынан бир кичинекей бала шашылыш келип өтө берди. Ар бир адамдын кыймылына көңүл бөлгөн парасаттуу Умар, бул баланын шашылып бара жатканын билип, ага суроо узатып калды:
- Балам, мынча шашып кайда бара жатасың же бүтпөгөн муктаждыгың барбы?
- Мечитке шашып жатам, - деп жооп берди, Умарды тааныбаган бала.
Кичинекей балага таңданган Умар:
- Сен али кичинекей экенсиң, сага намаз окуу милдет боло элек? – деди.
- Менимче бул иште чоң-кичине деген болбосо керек, - деди бала, улуу кишини таңыркай карап, - кечөө менден да жашы кичүү бала бул дүйнө менен коштошту.
Өлүмгө жашпы, карыбы баары бир эмеспи, ошондуктан ага да