Күйөөмдүн экинчи аял алуусуна каршы болуп, өзүм бирөөгө экинчи аял болдум. Күйөм өз жумушун кылып, мен балдарыбызды үйдө карап , жакшы эле күн өткөрүп жатканбыз. Бир күнү күйөм кеңеше турган маселе айтып мени жанына чакырды. Макул болуп экөөбүз сүйлөшүү үчүн жанына бардым . Ошол кезде ал экинчи аял алайын . Бир келин бар жакында эле күйөөсү автоунаа кырсыгынан каза болуп 4 баласы менен жесир калды . Аны аялдыкка алып каралашып турайын деген сунуш киргизди . Ал учурда кызганыч сезими күчөп , күйөөмдү андан ары сүйлөтпөй койдум . Менин кош бойлуу экенимди эстеген күйөөм ойлонуумду өтүндү . Мен ойлонбой турганымды айтып , сен аны ала турган болсоң мен бул үйдөн кеткенимди билдирдим . Ошо