🔴 СУУ КУЯР-АЙЫМ. Суу куяр айымдардын табияты аба болгондуктан, бир нерсеге абадай тез реакция кылышат. Акыл тездиги жакшы онуккон. Акылынын тездиги айрыкча суйгон адамын көзөмөлдөгөн учурда, ага ишенбей калган учурда жакшыраак иштейт. Сүйүүдө туруктуу. Бирок сүйгөнү ишеничтүү болсо гана! Эгер сүйгөнү ишеничтен чыкса, анда бүттү! Анда Суу куяр-айым тез эле жаңы сүйүү жөнүндө ойлонот. Башка айымдарга окшоп кечирип койбойт. Бул айымдарга ашык болгондор бат эле табылат. ⠀ Акчага көбүнесе колдору ачык. Достор, жакын-санаалаштар менен чогуу эс алууну жактырышат. Ичиндеги оюун ачык билдирүүгө далаалат жасайт. Сезгич келишет. Кытмыр, куу адамдардын ичинде эмне бар экенин бир карап көрүп, билишет