*ИСЛАМ ОНЛАЙН KG – СУРОО-ЖООПТОР ЖЫЙНАГЫ*
_✍🏼 Эрланбек Кушчубек уулу_
*▪СУРОО:*
*Тууган, кошуна ичинде арак коюлган дасторконго олтуруу кандай? Отурбай коелу десек, алардан чыгып калчудайбыз. Эмне кылуу керек? Ассаляму алайкум!*
*▪ЖООП:*
Уа алейкум ассалам!
Шариятта арак ичип жаткан адамдар менен бирге отурууга кескин тыюу салынган. Эгерде арактан тыюу максатында алар менен чогу отурган болсо, анда аларды арак ичүүдөн тыюусу керек, а эгер анын эскерткенине кулак салышпаса, анда ал жерден туруп кетүүсү керек. Анткени Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:
*«Кимде-ким Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда ал арак ичилген (же коюлган) дасторконго отурбасын».* (Ахмад