Күндөгүдөй таң эрте Айдар абышка жолдо кайдадыр шашып бараткан.Капысынан аны велосипедчен сүзүп кетет.Айланадагылар аны тезинен жакын жердеги ооруканага жеткиришет.Оорукана кызматкерлери анын жараатын даарылап,башка оор жараат алган-албаганын билүү үчүн рентгенде текшерүү керектигин айтышат.Айдар абышка өтө зарыл жумушуна байланыштуу тезинен кетиши керектигин айтат.Даарыгерлер:„Улайган кезде сиз үчүн өз ден соолугуңуздан да маанилүү эмне жумушуңуз бар эле?”-деп суроолу тигилишкенде,үнү каргылданган абышка:„Байбичем карылар үйүндө.Ар күнү эртең менен тамакты бирге ичүү үчүн анын жанына барам”,-дейт.Даарыгерлер карыянын айтканына таңдана:„Аа,байкуш байбичеңиз күтүп,кабаатырланбоосу үчүн шашып