СЕН ЖОЛУККАН ОШОЛ КҮНДҮ ТҮГӨТПӨЙ
Оюңда жок, бүгүн сени күтүшүм,
Бирок бар да, сенде менин үмүтүм.
Өтсө дагы күндөр жылып ыраактап,
Кусалыкка түртүп келет күнү түн.
Ымалашып болгон элек бир бүтүн,
Жан дүйнөмдүн толтургандай үмүтүн.
Ай ааламда бизди карап тургандай,
Топ жылдыздар жарык чачып биз үчүн.
Ошол жарык асмандагы топ жылдыз,
Дале жанат эч нерседен капарсыз.
Билсе эгер жарык чачпай жамгыр жаап,
Узун түндү кылаар беле кунарсыз.
Бирок антпейт дүйнө тегиз жаралган,
Кереги не бир тагдырга кайгырган .
Алдап соолап өз нугуна салбастыр,
Терс бурулган кантип кайтсын жолунан.
Куйкаланган үмүтүмдүн чогу өчпөй,
Тар көпүрө таштак жолдо күйүттөй.
Кыял менен күн кечирип олтурам,
Сен жол