Урматтуу достор жана замандаштар! Чындык кайсы жерде болбосун чындык. Ал акыры жеңип чыгат. Ар бир доордун өзүнүн ушак тараткан жана ошол ушактын чын аныгын талдап олтурбастан, муюп ишенген адамдары болот эмеспи. Массалык маалымат каражаттарына кандай гана маек бербейин же кайрылууларды жасабайын ушакка ишенген саналуу замандаштарыбыз менин дарегиме сын айтып башташат. Алардын сын пикири эки гана бөлүктөн турат. Биринчиси, “Каркыраны саткансың, экинчиси, К.Бакиев менен иштешкенсиң”- деген. Мына ушул эки сын пикирге түшүнүктүү кылып жооп берип коюну чечтим. Каркыра маселеси боюнча. 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келдим. Ошол эле жылы “К