*«АЛЛАДАН УЯЛАМЫН»*
_Кол ачыктыгы, берешендиги менен эл оозуна алынган, айтылуу Умар бин Убайдулла бак аралап бара жатып дарактын көлөкөсүндө, катыган нанды жеп отурган балага көзү түштү. Жамачыланбаган жери калбаган эски кийимчен жаш бала, колундагы бир сындырым кара нандан бир өзү тиштеп, бир итине үзүп берип отурган экен. Баланын көптөн бери жарытылуу тойбогону кумсарган жүзүнөн корунуп турат_. _Умар балага жакындап келип, салам берди да, суроо узатты:_
-_Эмне кылып олтурасын, жигит?
- Тамактанып олтурам,- бала кыска жооп берди.
- Нандан бөлөк тамагын жокпу?
- Аллага шүгүр, мындан башканын кереги жок.
-Бул ит сеникиби?
- Жок.
- Эмне үчүн ага нанынды берип жатасың?
- Кимдир бирөөнүн