ХОНДРОЗДУ КАНТИП АЙЫКТЫРУУ КЕРЕК?
Азыр эки кишинин бири эле остеохондроз менен жабыркайт. Бул оору артынан көп ооруну ээрчитип келерин унутпаңыз. Кыймылдын аздыгы, моюн омурткаларда туздун уюп калышы, туура эмес жатуу, отуруу остеохондрозду пайда кылат. Натыйжада кан тамырлар, нервдер кысылып баш ооруйт, көрүү, ойлонуу жана эске тутуу начарлайт. Дарыгерге чуркап барып бир барак дарынын тизмесин жаздырып ичерден мурун ар кандай көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайбыз.
Күнүнө эртең менен жана кечинде жасалууга тийиш.
Жаш-кары дебей баарына сунушталат.
Ар бир көнүгүүнү 5 жолудан жасоо жетиштүү.
Эшек оонаш
1. Чалкадан жатып, бүгүлгөн бутту кол менен кучактап, оңго, солго оодарылыш керек.
2. Оңго о