Жигиттерге...
Келин- бүлөө, келин сенин таалайың,
Келин- эне, келин сенин аярың.
Келин сенин апакеңдин күңү эмес,
Келин сенин сүйүп алган аялың.
Келин- бир кыз атасынын эркеси,
Келин сулуу, теңдеши жок теңдеши.
Келин кирип, кирбей жатып... Какмалап,
Келин- душман дегендери эмнеси?
Келин- сүйгөн кызың эле өзүңдүн,
Жүрөк ээси, кубантаары сезимдин.
Келин сенин сезимиңдин малайы,
Туугандардын малайы эмес! Кечиргин?!
Келин- сенин жан дүйнөңдүн азыгы,
Келин- деген бир тагдырга баш уруу.
Жакшы- жаман ушактарга чыдайт ал,
Анын жалгыз сени сүйгөн жазыгы.
Келин сенин үндөбөгөн жолдошуң,
Жакшы келин, демек жакшы колдосуң.
Апаң сени аялыңдан кызганса,
Сен аларды калыс караар жолдосуң.
Сен жигитсиң