…БИЛБЕЙСИҢ КҮТҮ АЗАП ЭКЕНИН…
Кеткениңде кайра келбес эекениң,
Билалбадым амандыгың же эсениң,
Сансыз ойлор сана тарта сан жылга,
Же азыр да сен бактылуу бекениң.
……………………………………………………………………
Сенсиз өтөп сан жылдарды неченин,
Суроо болот не болор деп эртеңим,
Жаңы аткан аппак таңың боло албай,
Болдум окшойт өтүп кеткен кечегиң.
……………………………………………………………………
Өткөрсөм да жалгыз күндөр неченин,
Сен бактылуу болсоң болду дегеним,
Жообу жок ак сүйүүгө сен кабылсаң,
Билерсиң күтү кандай азап экенин.
…………………………………………………………………
………………АШУРОВ КАЙРАТ…………………