"Байлык, ийгилик жана сүйүү" икаясы
Бир аял үйүнөн чыгып,үч ак сакал карыя үйүнүн тушунда олтурганын көрөт.Үчөө тең ага тааныш эмес болчу.Ошондой болсо да ал:
-Мен сиздерди тааныбайм,кыязы,курсагыңыздар ач болсо керек.Кааласаңыздар үйгө кирип,биз менен чогуу түштөнүп алыңыздар,-дейт,ал мээримдүү тиктеп.
-Биз үйүңүзгө баарыбыз чогуу кийбейбиз,-деп жооп беришет алар.
-Анын кандай себеби бар экенин билсем болобу?
Карыялардын бири жанындагылардын ар бири менен тааныштырат:
-Мунун аты -Байлык,тигиники-Ийгилик,а меники болсо-Сүйүү.Эми үйүңүзгө кирип күйөөңүз менен кеңешип көрүңүзчү,кимибизди чакырууну каалайт экенсиздер.
Аял уккандарын күйөөсүнө төкпөй -чачпай айтып