СҮЙҮҮ КҮНҮ Сүйүү күнүн билбеген кайсы адам бар. Салтка кирип калган экен 14-Февраль. Сурай келсең туура жооп уга албайсың, Сүйүү бул эмне?,-деген чоң суроо бар.
Ээликтирип адамзатты сүйүү келсе, Эс акылынан адаштырган кандай неме? Эзгилеп жүрөктөрүн кары жаштын. Эмне үчүн эс тартканда келчүү нерсе.
Укканым бар өмүрүмдө көрбөгөм. Уламышпы эл оозунан түшпөгөн. Укмуштуу кандай нерсе болду экен. Учкуну жок жүрөктөрдү өрттөгөн.
Кандай нерсе өңү барбы көрүнгөн. Катуубу же жумшакпы бөлүнгөн. Кандайдыр жыты барбы анкыган. Каргышбы же,алкышбы төгүлгөн.
Балбы ал,таткан барбы даамдап. Бакчабы ал,баскан барбы аралап. Балким бул бир нерседир кичинекей. Барбы адам,көргөн колго кармалап.