“Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” дегендей, көңүлү жок эркекти аял канчалык аракет кылса да сүйдүрүп ага сүйкүмдүү боло албайт. Бул ачуу чындык. Аялдар сүйгөнүн жоготуп алуудан катуу коркушат. Ажырашуу аялзаты үчүн оор жоготуу. “Мен эмнеден жаздым, кандай ката кетирдим” деп өзүн-өзү жеп, эзилип азап чегет.
Төмөндө биз сөз кыла турган 11 сапаты кулк-мүнөзүнө сиңирген аялдан эркектер эч жакка кетпейт экен.
1. Көз карандысыз Акылдуу аял эркекти жана ортодогу мамилени баалайт бирок, анын сүйүүсү көз карандылыкка айланбайт. Эркексиз деле ал каалаганындай жашай берет. Акча табат, иштейт. Анын жеке кызыкчылыктары, тааныштары, кызыктуу иши бар. Эркектерге д