Жүзүң бир сулуу келишкен,
жүзүмү ширин жемиштен,
окубай намаз жүрөсүң,
алдыңбы билет бейиштен.
Жүзүң бир сонун алчадай,
жүрөсүң иштеп чарчабай,
байлыкты кошо алып кетпей,
кеттиго өлүп канча бай.
Көздөрүң бышкан карагат,
көөдөндү күнөө карартат,
окусаң намаз беш убак,
жүрөгүң чындап агарат.
Өзөндө суулар агып тур,
өзүңдү сыйлап багып тур,
өзүңдө калат соопторуң,
жумага деле барып тур.
Кар басат зоонун чокусун,
намаздан кийет топусун,
өтүп кетпей басып кой (класс),
башкалар дагы окусун.