ЭРТЕ ТАҢДАГЫ АК БАТА🤲🏻🤲🏻
Ойдо жок күлдүргөн жакшылык берсин,
Олжого сүйүнткөн аңчылык берсин.
Колуңду узарткан барчылык берсин,
Көнүлдү тазарткан ажылык берсин.🤲🏻
Бардык жакшылык кезектеп келсин,
Байлыкты Аллахым этектеп берсин.
Береке-кут, ашып- ташып келсин,
Бакыт менен мээрим жетектей берсин. 🤲🏻
Үйүңө ынтымак-ырыс консун,
Үлпүлдөгөн көнүлгө, ырахат толсун.
Жакшы дос-тууган бар болсун,
Жалгыз Аллах бизге жар болсун.🤲🏻
Ар күнү тосуп алууга..,
Агарган кутман таң болсун!
Ал-акыбал сурап турууга,
Ардактуу тууган бар болсун.
Оомийин ! 🤲🏻
Уй жылында аман-эсен ,бекем ден соолукта,тынчтыкта бар бололу🤲🏻