Кош бойлуу болуу - аялдын жашоосундагы эң чоң жаңылык. Бул кабар аялдын мүнөзүн, ар кандай нерселерге болгон көз карашын, ал турсун, бир калыптагы жашоосун да кыйла өзгөртүп, жаңы нерселерди талап кылат. Кош бойлуулуктун ийгиликтүү өтүүсү жана болочоктогу баланын ден соолугу үчүн ал талаптар кош бойлуу жана анын жакындары тараптан сөзсүз аткарылууга тийиш.
Кош бойлуунун маанайы
– Боюнда бар аялды катуу капалантпоо керек. Кош бойлуунун жакындары аялдын маанайы сөзсүз түрдө ичтеги түйүлдүккө таасир этерин эске алып ага болгон шартты түзүп берүүгө милдеттүү.
– Кош бойлуу мезгилдин биринчи жарымы нормалдуу өтүп жаткан аялдар ага чейин аткарып келген иштерин уланта беришкени