АПАКЕМДИН НАСААТЫ
Апам айтчу, мен кичине кезимде,
Унутпадым, дале менин эсимде.
Эркелетип, сылап коюп чачымдан,
Насаат айтчу, эрте менен кечинде. балам уккун, жалкоо болбой иштегин,
Иш биштасаң, чала кылбай бүткөргүн,
Эмгек кылсаң, курсак дайым ток болот,
Бекер жүрбөй, көпчүлүкө күч бергин.
Керек болсо, жерди казып, кетмен чап,
Ак эмгектен, бешене тер, үзүр тап.
Керектүүңү, жалкоо болбой бүтүрүп,
Бутту сунуп, кең-кесири уктап жат.
Калп сүйлөбө, такаса да касамга,
Калп үйрөнбө, ач талаада калсаң да.
Калп казаны, кайнаганын көрбөдүм,
Калп сөз менен, отту улуу жакса да.
Калп сүйлөгөн, ишеничтен бат кетет,
Калпы менен, сапаты да барк кетет.
Калпычыдан, алыс б