Көз – ден соолук күзгүсү. Тагыраагы, ден соолугубуздун абалын көзүбүз, андагы ар кандай өзгөрүүлөрдүн жардамы менен билсек болот. Кээде көзүбүздүн өңү өзгөрүп, же улам тартылып, же башка бир белгилер пайда болгонун байкайбыз. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз маани бербейбиз. Мына ошол белгилерге карап саламаттыгыңыз тууралуу билип алыңыз.
Кан тамырлардын кеңейүүсү
Эгер көзүңүздүн кан тамырларынын кеңейгендигин же көзүңүздүн шишимик тартып калганын байкасаңыз, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Бул инсульт же жүрөк талмасынын белгиси болушу мүмкүн.
Көздүн айланасындагы сары шишикчелер
Бул белги медицина илиминде ксантелазма деп аталат. Башкача айтканда, канд