Тил – душман, акыл – дос, тиш – коргон.
Тил – жүрөктүн ачкычы.
Тил – көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
Тил – менин тууганым, тил – менин душманым.
Тил – ойдун сандыгы.
Тил – топчусуз, ооз – ачкычсыз.
Тилазар – тилге кирбейт, тилинен өлөөрүн билбейт.
Тил акыйкатты табат.
Тил – акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
Тил – акыл таразасы.
Тил – акылдын жарчысы.
Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
Тил албаган уулуң – бел ашпаган арыктай.
Тил албасты жумшаганча, тына-тыщ өзүң бар.
Тил астынан тил издегенден без (кач).
Тил ачуусу шакардай.
Тил ачуусу шакардай.
Тил башть1 багат.
Тил баш жарат, жел таш жарат.
Тил билги жүйөөкөч, кол ийиктен элпек.
Тил көргө чейин түшүр