Меңдибай Асанбеков: «Садырды дагы чала жан кыла турган болсо, бийликтин азабын колуна беребиз»
Садыр Жапаровдун айылдаштары, анын идеялаштары, санаалаштары чогулган бүгүнкү Кең-Суу айылындагы жыйында «Садыр Жапаровдун неге камалганын түшүнө албай жатабыз» дегендер да болду. «Камакка алынгыдай Садыр мамлекет зыян тарткыдай иш менен алек болгон эмес. Ошондой эле андан жабыр тарткан адам деле жок. «Эмилбек Каптагаев Садырга дооматым жок» деп балдарын кордобогула деп ачык эле айтып чыкты го. Ошол эле маалда «Кумтөр» үчүн камалган эки бала тең укук коргоо органдары кыйнаса да, Садырга каршы көрсөтмө беришпегенин алардын адвокаты Динара Медетова айтып жатат. Садырдан жапа чеккен киши болбосо