Сүйүүгө болду жетет ишенбеймин,
Сооротуп жан дүйнөмдү ишен деймин.
Буйруган убак сааты келгичекти,
Ноктолойм, керек болсо кишендеймин.
***
Нафс эмес мага адал жашоо керек,
Максатым таза жашап өтүү демек.
А балким буйрураттыр, ал табышмак
Мээримдүү Жаратканым кылса белек.
***
Келечекке үмүтүмдү байлап келем,
Сенсизда бул жалганда жашап келгем.
Тагдырым да, не болсо да моюн сунуп,
Жалгыз деле бул жашоодон кете берем.