{КЫЙЫЛГАН ӨМҮР} 5-БӨЛҮМ. Апам мага карап ачуулана сөздүн кабыргасынан коё салды. Акыркы сүйлөгөн сөзү кулагыма шак дей түштү. «Ал кыздан алыс бол! Ал кыздан алыс бол!» – деген сөзү кулагымда жаңырып жатты. Мен эч нерсеге түшүнө албай дендароо болуп тура бердим. Балким мен ошондо чоң жаңылыштыкка жол бергендирмин. Апамдын айткан сөздөрүн баарын жакшылап ойлонуп, баары ата-энем каалагандай болушуна мен өзүм макулдугумду бердим. Күндөн-күнгө Аруузатымдан алыстай баштадым. Чалды албадым, кат жазды жооп бербей койдум. Такыр дайынсыз болуп кеттим. Дагы эски кылыктарым чыга баштады. Түн бир оокумда мас абалымда үйгө келем, убакыт түшкө ооп кеткенде араң көзүмдү ачып кайра үйдөн чыгып кетем. Мас