ШҮГҮР ДЕЙМИН
Мына дагы жарык таңды көрүп бүгүн,
Дем алып турганыма шүгүр деймин!
Берекелүү ырыс чачкан күндөн болуп,
Ырыс татып турганыма шүгүр деймин!
Адам заттын бардыгын бирдей көрүб,
Тегиз сүйгөн Аллага шүгүр деймин!
Тоо таштары, табиятты бүт керемет,
Жеримдин тынчтыгына шүгүр деймин!
Адам затка, акыл эс сезим берген,
Аллага таазим менен шүгүр деймин!
Бир инсанды, экинчиге тегиз кылган,
Айыпсыз Жаратканга шүгүр деймин!
Сени мага дос кылып жолуктурган,
Бир гана Аллахыма, шүгүр деймин!
Эртелеп салам айтсам алик алган,
Коншунун барлыгыңа шүгүр деймин!
Салам айтсам, саламга жооп берген,
Сага мен чын дилден шүгүр деймин!
Ак таңды көрсөткөн жарык кылып,
Аллага миң мертебе шүгүр деймин!