Шо - шо болду, шонон бери чала элек.
Чалсам дагы, тилипонду ала элек.
Өзү шундай кылыгы бар жиндираак.
Баары калды, шо кылыгы кала элек.
Ана шундай, күндөр өтүп жатыры.
Шунте берсе, айткым келбейт атыны.
Шунтип эле жүрбөстүр да, бир күнүн.
Бу да адам, болоттур да акыры.
Бая бирөө чалып калса шоу деп.
Жаным десем, тиги айтчу ооу деп.
Башка экен, ичтен ойлоп калгандыр.
Айнып - пайнып калган окшойт моу деп.
Ниме дешти, билбей эле жүрөмүн.
Ойлогондо некин ооруйт жүрөгүм.
Болду да эй, жинге тийбей Кабарлаш.
Капатаңди көргүм келип жүдөдүм.